"1 ай 12 күн убактыңыз калды". Камчыбек Ташиев транспорт министрине эскертүү берди (видео)
Бүгүн, 20-июлда өкмөттүн жыйынында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, УКМК башчысы Камчыбек Ташиев Ош облусунун Ноокат районундагы унаа жол 31-августка чейин оңдолуп бүтпөсө, транспорт жана коммуникация министри Тилек Текебаев кызматтан кетерин айтты.
"Ноокат жолу 31-августка чейин бүтүшү керек. Бир ай 12 күн убактыңыз калды. Эгер бүтпөй калса 1-сентябрда арыз жазасыз. Билесиз ээ, экөөбүз сүйлөшкөнбүз?", - деп кайрылды Ташиев.
Белгилей кетсек, Ош-Баткен-Раззаков унаа жолунун Ноокат районундагы бөлүгүнүн тамтыгы чыгып калган. Ушул жылдын 1-мартында аталган унаа жолдун айрым участокторун (28-35 чакырым, 41-47-чакырым) капиталдык оңдоодон өткөрүү иштери башталган. Андан соң Камчыбек Ташиев бул иштин жүрүшүн жеке көзөмөлүнө алганын маалымдаган.
Министрлер кабинетинин жыйыны 20.07.23
Министрлер кабинетинин жыйыны 20.07.23
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:07
2025-06-24
15:15
2025-06-24

17:05
2025-06-23
11:44
2025-06-23
Рейтинг:
0

