super.kg logo

Энергетика министри 2024-жылы Кыргызстанда 11 ГЭС пайдаланууга берилерин айтты

 

2024-жылы Кыргызстанда 11 гидроэлектростанция пайдаланууга берилет. Бул тууралуу 2023-жылдын 1-жарым жылдыгынын жыйынтыгын чыгаруу боюнча министрлер кабинетинин жыйынында энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди.

Министрдин айтымында, анын ичинен бешөө ири ГЭС, калганы чакан ГЭСтер.

Бул жылы ишке берүү пландалып жаткан ири станциялардын тизмеси:

- Кара-Жыгыч (Жалал-Абад облусу, Токтогул району) – 1 МВт;
- Сары-Таш (Жалал-Абад облусу, Токтогул району) – 1 МВт;
- Аманат-Чүй (Чүй облусунун Ысык-Ата району) – 0,5 МВт;
- Адын-Үңкүр (Ош шаары Кара-Суу району) – 0,85 МВт;
- "СиЭнЭй Энерджи" (Чүй облусунун Кеминский району – 12 МВт.

Кичи ГЭСтердин тизмеси:

- Ак-Терек (Ысык-Көл облусунун Жети-Өгуз району) – 4 МВт;
- Саркент (Баткен облусунун Лейлек району) – 2 МВт;
- Турген (Ысык-Көл облусу Ак-Суу району) – 5 МВт;
- Шамси (Чүй облусунун Чүй району) – 10 МВт;
- Бозу-Учук (Ысык-Көл облусунун Ак-Суу району) – 0,7 МВт;
- Жергез (Ысык-Көл облусунун Ак-Суу району) – 6,2 МВт.

Белгиленгендей, азыркы учурда өлкө боюнча 17 ГЭСтин курулушу жүрүп жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: