Садыр Жапаров Медина шаарындагы Мухаммед пайгамбардын мечитине зыярат кылды (фото)









Бүгүн, 20-июлда өлкө башчы Садыр Жапаров Медина шаарында Мухаммед пайгамбардын мечитине зыярат кылды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалым болгондой, маалымат башчысы Сауд Арабия Падышалыгына болгон иш сапарынын алкагында Мединадагы Аль-Масжид Ан-Набави мечитине барды. Анда президент намаз окуп, андан соң Мухаммед пайгамбардын (САВ) сөөгү коюлган жерге кирди.
"Президент Жапаров кыргыз элинин бакубат жашоосун жана өлкөнүн гүлдөп-өнүгүшүн тилеп, дуба кылды", - деп айтылат маалыматта.
Аль-Масжид ан-Набави (пайгамбардын мечити) - Сауд Арабиянын Медина шаарындагы эң чоң мечити жана Меккедеги Ыйык мечиттен кийинки эле исламдын экинчи ыйык жери. Дүйнөдөгү экинчи ири мечит жана пайгамбардын (САВ) сөөгү коюлган жер болуп саналат.
Белгилей кетсек, Садыр Жапаров 18-июлда Сауд Арабиянын падышасы Салман бин Абдулазиз Аль Сауддун чакыруусу менен “Борбор Азия - Булуңдагы араб мамлекеттеринин кызматташтык Кеңеши” аттуу мамлекет башчыларынын биринчи саммитине катышуу үчүн Жидда шаарына иш сапары менен учуп кеткен.

