Кыргызстан Түркияга визасыз режимди 90 күндөн 180 күнгө чейин узартууну сунуштады
Кечээ, 20-июлда Кыргызстан Түркияга кыргызстандыктар үчүн визасыз режимди 90 күндөн 180 күнгө чейин узартууну сунуштады. Бул тууралуу эки өлкөнүн Ички иштер министрлигинин жолугушуусунда талкуулангандыгын министрликтин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, жолугушуу Анкара шаарында өткөн, ага ички иштер министри Улан Ниязбеков менен Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев катышкан.
Жолугушууда Түркияга эмгектенүү үчүн келген Кыргызстандын жарандарынын, ошондой эле Түркияда узак мөөнөттүү болушунун коопсуздугун камсыздоонун маанилүүлүгү айтылды. Ар кандай себептерден улам өлкөдө жүрүү эрежелерин бузган Кыргызстандын жарандарына тоскоолдуксуз (айыпсыз жана депортациясыз) өлкөдөн чыгып кетиши жана кийин мыйзамдаштырылышы үчүн миграциялык мунапыс берүү сунушталды.
Ошондой эле кыргызстандыктар үчүн визасыз режимди 90 күндөн 180 күнгө чейин жогорулатуу жана ички паспорттор (ID-карталар) аркылуу өз ара сапарларды жүргүзүү маселеси талкууланды.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар коопсуздук, тажрыйба жана маалымат алмашуу, ошондой эле киберкоопсуздукту камсыздоо жаатындагы мамлекеттер ортосундагы эки тараптуу стратегиялык кызматташуунун актуалдуу маселелерин кеңири талкуулашты.

