2024-жылдан баштап кош бойлуулук жана төрөт үчүн жөлөк пул көбөйөт

Маалым болгондой, иштеген аялдарга кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөк пул алгачкы он иш күнү үчүн эмгек акынын (кирешенин) 100 пайыз өлчөмүндө иш берүүчүлөр тарабынан, ал эми 11-иш күнүнөн баштап – айына 10 эсептик көрсөткүч (1000 сом) эсебинде республикалык бюджеттен аныкталат.
Министрликтен билдиришкендей, 2024-жылдын 1-январынан тартып кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөк пулдун өлчөмүн 11-жумуш күнүнөн тартып 10 эсептик көрсөткүчтөн 20 эсептик көрсөткүчкө чейин жогорулатуу каралган. Башкача айтканда, жөлөк пулдун өлчөмү 100 пайызга жогорулайт (1000 сомдон 2000 сомго чейин).
Ал эми бийик тоолуу шарттарда жана жетүүгө кыйын алыскы зоналарда иштеген аялдарга кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөк пулду төлөө толук эмгек акынын өлчөмүндө, башкача айтканда, бардык иш күндөрү үчүн эмгек акынын 100 пайыз өлчөмүндө жүргүзүлөт.
Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөк пулдун орточо өлчөмү 16,1 миң сомду түзөт. 2023-жылдын алты айында 15,5 миң адам кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөк пул алып, республикалык бюджеттен 249,8 миллион сом бөлүнгөн.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:00
2025-07-02

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.