super.kg logo

"Жолго эртерээк чыккыла!". Жол инспекторлору Ысык-Көлдөгү эс алуучуларга кайрылуу жасады

 

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы Чолпон-Ата-Бишкек унаа жолунда жол тыгындарын болтурбоо үчүн эс алуудан кайтып келе жаткан айдоочулар бир катар эрежелерди сакташы керектигин билдирди.

Жол инспекторлору төмөнкүлөрдү эске салды:

- Эс алуучулардын автоунааларынын шаарды көздөй агымы көп болгондуктан көпкө кармалбай мүмкүн болушунча эртерээк жолго чыкканга аракет кылыңыз. Болбосо тыгынга туруп калышыңыз мүмкүн;

- Сары-Камыш айылынан Тору-Айгыр айылына чейинки аралыктагы жолду оңдоо иштери жүрүп жаткандыктан жол тар экенин унутпаңыз жана Ысык-Көлдөн Бишкекке кетүүчү бир гана жол бар экенин эске алыңыз;

- Балыкчы шаарынын чыга беришинде соода түйүндөрү көп болгондуктан соода кыларда унааңызды жол кыймылына тоскоолдук жаратпай турган жерге токтотуңуз.

ЖКККББ дем алыш күндөрү күчөтүлгөн тартипте иш алып барарын белгилеп, унааны мас абалында башкаргандарга, катуу ылдамдыкта айдагандарга жана каршы тилке менен жүргөндөргө катаал чаралар көрүлөрүн эскертет.

Белгилей кетсек, өткөн жекшембиде Ысык-Көлдөн Бишкекке келе жаткандагы жолдо унаалардын узун кезеги пайда болгон. Ага Балыкчы-Корумду унаа жолунун жогорудагы тилкесинин бир тарабы жабык болгон себеп болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: