super.kg logo

Ленин районунун тургундары Жаныбек Абировду Жогорку Кеңешке шайлоого катталууну суранышууда

 

Бишкектин Ленин районунун тургундары саясий жана коомдук ишмер Жаныбек Абировду Жогорку Кеңешке алдыда болуучу шайлоого өз талапкерлигин коюп, катталууга чакырышты. Шаардыктар мындай сунушту бир күн мурда шаардыктардын жалпы жыйынында айтышкан.

«Абировдун талапкерлигин депутаттыкка көрсөтүү идеясын колдоп бул жерге канча адам чогулганын карагылачы. Ооба, ал жаңылган. Бирок жаш кезде кимибиз жаңылышкан жокпуз? Эң негизгиси, ал бардыгын түшүнүп, өз элинин татыктуу уулу катары намысы менен элден кечирим сурады, депутаттыктан баш тартты. Ошентип ал бизге бардык жагынан жана акырына чейин чынчыл экенин далилдеди» - деди тургундардын демилгелүү тобунун мүчөлөрүнүн бири.

Ленин районунун шайлоочулары биринчи жолку кайталанган шайлоолордогу башка талапкерлерге ишенбей турганын көрсөттү деп ал баса белгиледи.

«Биздин район боюнча 32 депутат парламентке өтүүгө аракет кылышты, бирок анда келген шайлоочулардын саны өтө аз болгон, анткени биз алардын бирин да билбейт экенбиз. Алар бизге өздөрү тууралуу көп нерселерди айткылары келди, бирок биз үчүн бейтааныш жана келечекте өздөрүн кандайча көрсөтөрүн да билбейбиз. Ошондуктан шайлоо элдин аз келүүсү менен өтүп, жыйынтыгында алар таптакыр жараксыз деп табылды» - дейт шаардын дагы бир тургуну.

Анын пикиринде, эгер Жаныбек Абиров алдыдагы шайлоого катышпаса, экинчи жолку кайра шайлоо да натыйжасыз болот.

«Эгерде Абиров тизмеде жок болсо, анда бул шайлоонун да мааниси жок. Биз мындай тобокелдикке бара албайбыз, себеби биздин райондун кызыкчылыгын коргой турган өзүбүздүн депутатыбыз жок. Мен Жогорку Кеңешке кайрадан талапкерлигин коюшун өтүнүү менен Жаныбек Абировго кайрылууну сунуштайм. Мен түшүнөм, ал адептүү жигит, ал талапкерлигин коюудан баш тартат. Бирок биз аны бир кишидей колдойбуз жана биз аны гана тандап алабыз. Анткени Ленин району үчүн ал чындыгында эле көп иштерди жасап жатканын көрдүк» деди ал.

Жыйындын дагы бир катышуучусу Жаныбек Абиров Жогорку Кеңеште Ленин району боюнча депутат катары өз ордунда болгондугун белгиледи.

«Бул адам биздин райондун келечеги. Ошондуктан ал мындан ары да иштей бериши үчүн шайлоодо биз баарыбыз аны колдойбуз. Ал келечектүү саясатчы, алдыңкы коомдук ишмер, биздин көйгөйлөрдү чечүүгө жана аларды ишке ашырууга жөндөмдүү, өз сөзүндө турган адам экенин биз көрдүк», - деп дагы бир айым өз позициясын билдирди.

Аны жолугушуунун башка катышуучулары да колдошту. Сөздүн ачык түз маанисинде бардыгы Жаныбек Абировдун дарегине ыраазычылык жана колдоо сөздөрүн айтышты. Ал Жогорку Кеңешке шайланганга чейин эле анын колдоосу менен курулган воркаут үчүн «рахмат» айтып дагы бир адам ыраазычылыгын билдирди. Абиров Бишкек шаардык кеңештин төрагасы болуп турганда ТСЖга жер тилкесин алууга жардам бергенин дагы бирөөсү эстеди. Дагы бирөөсү бекер шахмат клубун ачкандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

«Биз ага ишенебиз. Ал айтканын аткарат. Эми эң негизгиси ал шайлоого барууну чечсе экен, а биз аны баарыбыз колдойбуз. Керек болсо, биз аны өзүбүз көрсөтүп чыгабыз, анткени эл Абиров үчүн», - деп демилгелүү топтун мүчөлөрүнүн бири жыйынды жыйынтыктады.

Жыйынтыгында жыйындын катышуучулары саясий жана коомдук ишмер Жаныбек Абировго Жогорку Кеңештин депутаттыгына алдыда боло турган шайлоого талапкерлигин коюу өтүнүчү менен кайрылууну бир добуштан чечишти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: