super.kg logo

Бишкекте  шахмат аллеясы ачылды (фото)

 

Бүгүн, 21-июлда Бишкекте шахмат аллеясынын салтанаттуу ачылышы болуп өттү. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ачылышка Кыргыз шахмат союзунун, Тогуз коргоол федерациясынын өкүлдөрү жана шаар тургундары катышкан. Шахмат аллеясы Токтогул көчөсү менен Эркиндик бульварынын кесилишинде жайгашып, "Шоро" ишканасынын демилгеси менен ачылды.

Иш-чарада эл аралык шахмат күнүнө жана аллеянын ачылышына карата мелдештер уюштурулду. Ошондой эле симфониялык оркестрдин күүлөрү жаңырып, ар кандай викториналар, сынактар, интерактивдүү оюндар өткөрүлдү. Ал эми катышуучуларга фуршет уюштурулду.

Белгилей кетсек, шахмат аллеясы стол оюндарын сүйүүчүлөргө арналат. Анда ар кандай жаш курактагы жарандар үчүн шахмат жана тогуз коргоол боюнча турнирлерди жана мастер-класстарды өткөрүү пландалууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: