super.kg logo

"Сыртка чыкпагыла!". Берлин көчөлөрүндө эки күндөн бери арстан изделүүдө

 

Германиянын Берлин шаарынын түштүгүндө эки күндөн бери көчөдө жүргөн арстан изделип жатат. Бул тууралуу шаардык полиция кызматынын маалыматына таянып чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалым болгондой, кечээ, 20-июлдан бери Берлиндин Бранденбург штатында 120 полиция кызматкери шаардын ичин аралап жүргөн арстанды издеп жатышат.

WDR телерадио компаниясынын маалыматына караганда, издөө операциясы түн ичинде да жүргүзүлүп, 200дөн ашык немис полициясы тик учактар, дрондор жана брондолгон унаалар менен жаныбарды издешкен.

Ошондой эле полиция кызматы жырткычтын кол салуусунан сактануу үчүн тургундарды зарыл болбосо сыртка чыкпоого, үй жаныбарларын имараттардын ичинде кармоого чакырууда. Целендорф жана Кляйнмахнив аймагындагы токойлорго да барбай турууну эскертип жатат.

Арстандын Берлин шаарында кандайча пайда болуп калганы боюнча азырынча маалыматтар жок. Шаардагы эки зоопарктын жетекчилиги арстандын качып кеткени боюнча билдирүү тараткан эмес.

Учурда жырткычты издөө иштери уланып жатканы айтылууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: