"Ысык-Көл" эл аралык аэропорту Ташкенттен келген алгачкы каттамды салтанаттуу түрдө тосуп алды






Бүгүн, 21-июлда «Ысык-Көл» эл аралык аэропортунда Ташкенттен келген алгачкы каттам салтанаттуу түрдө тосуп алынды. Салтка ылайык, учакты суу аркасы жана салттуу боорсок менен тосуп алышты. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропортунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Өзбекстандын жаңы Centrum Air авиакомпаниясы Ташкент-Ысык-Көл-Ташкент багыты боюнча жумасына бир жолу – жума күндөрү учууну максат кылууда.
"Ташкенттен биринчи каттам менен 177 жүргүнчү учуп келди, ал эми Ысык-Көлдөн 44 жүргүнчү Өзбекстандын борборуна сапар тартышты. «МЭА» ААК аталган багытка байланыштуу жана билеттер боюнча суроолор болсо авиакомпанияга түз кайрылууну сунуштайт", - деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:16
2025-07-03

16:30
2025-07-03
15:40
2025-07-03
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.