super.kg logo

 Баткенде алты ай ичинде 600дөн ашык ишкер жеңилдетилген насыя алышты

 

Баткенде ушул жылдын 6 ай аралыгында «РСК Банк» жана «Айыл Банк» тарабынан 6 пайыздык насыялар жалпы 508 ишкерге берилди. Бул тууралуу бүгүн, 21-июлда президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, 408 ишкер насыяны мал чарбачылыгы багытына алса, 100 ишкер дыйканчылык үчүн алды. Берилген насыялардын суммасы 232,1 миллион сомду түздү.

"Аны менен катар республикалык бюджеттен Финансы кредиттик фонду аркылуу чек арадагы акыркы окуяда жабыркаган ишкерлерди колдоо максатында, 107 ишкерге 1 пайыз менен жалпы 90,2 миллион сом насыя берилди. Жалпы 162 ишкер кайрылган, улам кредиттик келишимдер түзүлүп, насыясы которулууда", - деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары сүт секторунун өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча 5 фермер 2,5 миллион сом насыя алган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: