super.kg logo

Өлкөдө жыл башынан бери турмуштук оор кырдаалда турган балдардын саны азайды

 

Кыргызстанда 6 ай ичинде турмуштук оор кырдаалда турган балдардын саны азайды. Бул тууралуу бүгүн, 22-июлда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

Маалым болгондой, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жаңыл Алыбаева ушул жылдын биринчи жарым жылдыгында турмуштук оор кырдаалда турган 3 миң 356 бала аныкталгандыгын билдирди.

Анын айтымында, турмуштук оор кырдаалга кабылган балдар ата-энеси аларды багуудан жана тарбиялоодон качкан балдар, иштеген балдар жана эмгектин эң оор түрлөрүнө тартылган, кароосуз калган, мыйзамга карама-каршы келген, зомбулукка кабылган балдар. Ар бир аныкталган бала үчүн жекече кам көрүү планы түзүлөт.

"Аныкталган балдардын жарымынан көбү мындай жардамды алышкан, биз аларды турмуштук оор абалдан чыгара алдык. Калган балдар боюнча иш улантылууда. Бир жарым миңден ашык бала үй – бүлөлүк чөйрөнүн ар кандай формалары-камкордук, асырап алуу, фостердик үй-бүлөлөр менен камтылган", - деди министрдин орун басары.

Белгилей кетсек, жыл башынан бери багып алган (фостердик) үй-бүлөлөрдүн саны 21,2% га өстү. Бүгүнкү күндө 97 фостердик үй – бүлөдө 169 бала тарбияланууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: