super.kg logo

1-январдан тарта өлкөдө кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул эки эсеге көбөйөт

 

Кыргызстанда 2024-жылдын 1-январынан тарта иштеген аялдарга кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөк пул эки эсеге көбөйөт. Бул тууралуу бүгүн, 22-июлда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

Маалым болгондой, өлкөдө иштеген аялдарга кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөк пул алгачкы он иш күнү үчүн эмгек акынын 100 пайыз өлчөмүндө иш берүүчүлөр тарабынан, ал эми 11-иш күнүнөн баштап – айына 10 эсептик көрсөткүч (1000 сом) эсебинде республикалык бюджеттен аныкталат.

Ага ылайык, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жылдыз Полотова 2024-жылдын 1-январынан тартып кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдун өлчөмү жөлөк пулдун өлчөмү 100 пайызга жогоруларын (1000 сомдон 2000 сомго чейин) айтты.

"Ал эми бийик тоолуу шарттарда жана жетүүгө кыйын алыскы зоналарда иштеген аялдарга кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөк пулду төөлө толук эмгек акынын өлчөмүндө, башкача айтканда, бардык иш күндөрү үчүн эмгек акынын 100 пайыз өлчөмүндө жүргүзүлөт", - деди Жылдыз Полотова.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөк пулдун орточо өлчөмү 16,1 миң сомду түзөт. 2023-жылдын алты айында 15,5 миң адам кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөк пул алып, республикалык бюджеттен каржылоонун жалпы суммасы 249, 8 миллион сомду түздү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
23.07.2023. 23:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Иштебеген аялдарчы?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: