super.kg logo

Баткендин чек арадагы айылдарынан 293 бала Ысык-Көлгө эс алууга жөнөп кетти

 

Баткенден 293 бала Ысык-Көлгө эс алууга жөнөп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 23-июлда облустук администрациянын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Баткенден Ысык-Көлгө эс алууга жөнөгөн балдарды Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаныбек Исаков баштаган жергиликтүү жетекчилер Баткен шаарынан узатышты.

"Балдардын эс алуусу акыркы чек ара окуяларында каза болгон жарандардын балдарын, багуучусунан ажыраган, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарын жана окуунун мыктыларын ар тараптуу колдоо макстында мамлекет тарабынан уюштурулду", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, аларды 17 коштоочу мугалим, 2 милиция кызматкери, 1 медицина кызматкери, 17 айдоочу коштоп кетти. Балдар 10 күн бою Чолпон-Ата шаарындагы «Алтын-балалык» ден соолукту чыңдоо борборунда эс алышат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: