Украинанын учкучсуз учуучу аппараттары Москвага дагы бир ирет чабуул жасоого аракет кылды
Орусиянын Коргоо министрлиги бүгүн, 24-июлда Украина Москвадагы объектилерге эки учкучсуз учак менен сокку жасоого аракет кылганын билдирди.
"24-июль күнү эртең менен Киев эки учкучсуз учуучу аппараты менен Москва шаарындагы объектилерге теракт жасоого аракет кылып, ал токтотулду. Эки украиналык учкучсуз учак жок кылынды", - деп айтылат министрликтин маалыматында.
Кол салуу аракетинен жабыркагандар болгон жок.
Бул Киевдин Москвага пилотсуз учак менен чабуул жасоонун биринчи аракети эмес. 4-июлда Москвада беш учкучсуз учак атып түшүрүлгөн.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:59
2025-06-27
10:59
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.