super.kg logo

Кыргызстанда эл аралык SPAR супермаркеттер тармагы ачылды

 

Сиздер калаадагы биринчи SPAR супермаркетине барып көрдүңүзбү? Эгер бара элек болсоңуз, анда шашылыңыз! Тармактын алгачкы супермаркети борбор калаанын чок ортосунда, тагыраагы Чүй жана Манас проспектилеринин кесилишинде жайгашкан.

Супермаркеттин 20-июлда болгон ачылыш аземи бишкектиктер жана борбордун коноктору үчүн эсте каларлык окуя болду. Андагы концерттик программа көптөгөн улуу-кичүү муундагы кардарларды топтоду. Чогулгандар артисттерди кубануу менен тосуп алып, бийлеп, оюн-зоокко катышып, анан соода кылып, белектерге ээ болушту.

Ачылыштын урматына, сатып алуу суммасына карабастан, ар бир кардарга SPAR маркасындагы шопперлер тартууланды. Бирок эң негизгиси, чогулгандар SPAR Кыргызстандын рыногунда чындыгында өзгөчө экенине ынанышты.

Ошондой эле арзандатуулар, жеткиликтүү баалар жана SPAR'дын өздүк бренддериндеги товарлардын эксклюзивдүү ассортименти - тармактын биринчи сатып алуучулары тарабынан бааланды. Анткени, SPAR – бул бардыгы үчүн жеткиликтүү баада, жогорку сапаттагы продукция.

SPAR тармагынын мүнөздүү белгилеринин бири - бул даярдалган тамактар өзүнүн өндүрүшү болуп саналат.

SPAR'дын ашпозучулары табигый ингредиенттерди колдонуу менен ашкана станцияларынын ийне-жибине чейин көңүл буруп, атайын рецепттерди даярдашат. Бул жерден сиз ар дайым даамдуу тамактардын кеңири түрүн: пайдалуу эртең мененки тамактар, толук кандуу бизнес-ланчтар, оригиналдуу салаттар, закускалар, ар кандай гарнирлер жана улуттук тамактарды таба аласыз.

SPAR'дын нан азыктарын – бул өзүнчө искусство түрү экенин белгилеп кеткин келет. Анда табигый ачытылган камырдан колго жасалган кондитердик азыктар сатылат. Аны өндүрүү үчүн ондогон жылдар бою такталып келген автордук рецепттер колдонулат.

SPAR тармагынын маанилүү өзгөчөлүгү - бул жергиликтүү жеткирүүчүлөр жана фермерлер менен кызматташууга басым жасоо. Демек, ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн SPAR бренди менен продукциясын сатууга жана эл аралык рынокко чыгууга эң сонун мүмкүнчүлүк пайда болду.

Кардарлар үчүн кошумча пайдага келсек, тармак баарына «SPAR Кыргызстан» клубуна мүчө болууну сунуштайт. Ал үчүн тиркемени орнотуп, клубга кошулуңуз (тиркемеге шилтеме).

«SPAR Кыргызстан» клубу - кардарлар үчүн арзандатуулардын жана бонустардын системасы, бул супермаркеттер тармагында соода кылууну мүмкүн болушунча пайдалуу кылат. Клубдун мүчөлөрү сатып алуулар үчүн белектерди, атайын арзандатууларды жана жеке сунуштарды ала алышат.

Ошондой эле:

  • Бонустарды топтоп, алар менен соодага төлөм аткарыңыз, 1 бонус = 1 сом;
  • Байге утуштарына катышыңыз;
  • "Сүйүктүү товарлар" үчүн арзандатуу купондорун жана кошумча бонустарды алыңыз.

SPAR тармагынын Кыргызстандагы расмий өкүлү "Умай Групп" компаниясы жумушка болгон мамилеси менен бренддин көп жылдык салтын жана принциптерин улантат. Дагы бир сонун жаңылык, жакынкы арада тармактын экинчи супермаркети Балыкчы шаарында эшигин ачат. Кыргызстандагы SPAR компаниясынын жаңылыктарына жана жаңы ачылыштарына кабардар болуңуз!

Албетте, жагымдуу жана пайдалуу соода үчүн SPAR супермаркеттерине кош келиңиз!

SPAR – бирге эң жакшы!

@spar.kgz

Instagram






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: