super.kg logo

Ак-Ордодогу кырсык: Ооруканадагы дагы бир аял каза болду

 

Бишкектин четиндеги Ак-Ордо-3 конушунда болгон жол кырсыгынан жабыркап, ооруканада жаткан аял киши каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 24-июлда аталган конуштун квартал башчысы Мирбек Осмонов социалдык тармактагы баракчасына жазды.

"Ак-Ордо-3" конушунда үрөй учурган жол кырсыгы болуп, анда 34 жаштагы келин каза болгон. Түндө дагы бир эже каза болду, ал оор абалда жаткан эле, анын өмүрүн эч сактай алган жок. Каза болгон адамдардын жакындарына терең кайрылуу менен көңүл айтабыз.
Жашоочулар ооруп жаткан адамдарга акча чогултуп баштаган, жалпы 205 миң сом чогулуп, ден соолугунан жабыркап жаткандарга бөлүнүп берилди. Ошондой эле каза болгон адамдардын жакындарына дагы чогулган акчадан бөлүнөт", - деп жазды ал.

Эске салсак, 19-июлда эртең менен Бишкектин Ак-Ордо-3 конушунда оор жүк ташуучу автоунаа маршрутканы коюп кеткен видео социалдык тармактарга жарыяланган. Кадрдан жүргүнчү алып жаткан №169 каттамдагы маршрутканы SCANIA үлгүсүндөгү унаа артынан сүзгөнүн көрүүгө болот.

Кийинчерээк Чүй милициясы дагы маалымат таратып, окуя Сокулук районуна карштуу Ак-Ордо-3 конушунда болгонун, Мерседес Бенц үлгүсүндөгү 169-кичи автобусту SCАNIA R-124 үлгүсүндөгү чоң жүк ташуучу машина сүзгөнүн, анын 32 жаштагы айдоочусу кармалганын билдирген.

Бул боюнча кылмыш иши козголуп, учурда тергөө жүрүп жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: