super.kg logo

 Орусиянын Тышкы иштер министри Кыргызстанда кабыл алынган  кыргыз тили боюнча мыйзамды сындады

 

Кечээ, 23-июлда Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Кыргызстанда мамлекеттик тил мыйзамынын кабыл алынышы боюнча пикирин билдирди.

Ал чет мамлекетте орус тилин, маданиятын, атамекендик билимди алдыга жылдыруу аракети тууралуу сөз козгоп, учурда КМШда оңой эмес процесстер болуп жатканын айтты.

"Борбор Азия өлкөлөрүндө мыйзамдарды активдүү кабыл алып жатышат. Кыргызстанда мыйзам кабыл алынган. Бул идея бир нече ай мурда жаңыдан жаралганда, биз кыргыз досторубузга бул толук демократиялуу эмес экенин эскерткенбиз. Мен бардык мамлекеттик кызматкерлерди кыргызча билип, ошол тилде иштөөсү тууралуу айтып жатам. Мамлекеттик кызматкерлердин бул тобуна мугалимдер да, мамлекеттик медициналык мекемелердеги дарыгерлер да кирген. Биз ишти улантабыз. Бир канча жолу эскерттик. Кыргызстандын Конституциясында орус тили улуттук баарлашуунун тили бойдон калганына карабастан, бирок башка жакка бурулуп калды"- деп билдирген Лавров.

Белгилүү болгондой, Лавров мындай билдирүүнү 19-июлда коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушуу учурунда айткан.

Белгилей кетсек, буга чейин президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” конституциялык мыйзамга кол койгон. Анда мамлекеттик тилди колдонуунун жана мамлекеттик тил саясатын жүзөгө ашыруунун укуктук негиздери, аны өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүүдө мамлекеттик органдардын, мекемелердин, уюмдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын милдеттери белгиленген. Ошондой эле мамлекеттик мекемелерде иш кагаздар милдеттүү түрдө кыргыз тилинде жүргүзүлүп, расмий иш-чаралар да мамлекеттик тилде өткөрүлөрү жазылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
24.07.2023. 16:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Биздин Конституцияга ачык эле кийлигишип алыптырго, бул ким өзү? тим эле эскертем дейтго чал
24.07.2023. 22:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул жүн баштар бир жолу эле Кыргызстандын ар бир ишине кийлигишип алышкан го тим эле толук демократиялык өлкө эмессиңер деп жаман каттуу суйлоптур го. Көрдүңөрбү киргиздер каерде болбосун кызтекеленип орусча суйлойсунор аны уккан жүн баштар акырындык менен өздөрүнүн тилин тыгып атышат, сукалар. Акылынар болсо кыргыз деп куйсонор орус тилин суйлобогуло Кыргызстанда биздин өзүбүздүн тилибиз бар динибиз бар өлкөбүз бар биз манкурт эмеспиз
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: