super.kg logo

"Ыйлап кайрылганынан ишенип алыпмын". Садыр Жапаров Динара Кутманованын уулу боюнча пикирин айтты

 

Өлкө башчы Садыр Жапаров "Кабар" маалымат агенттигине берген маегинде мурдагы министр Динара Кутманованын уулу боюнча үн катты.

Президент маегинде Динара Кутманова ага ыйлап кайрылганын айтты.

"Баласын эч кандай эч ким уурдап кетпептир. Мага да Динара айым ыйлап кайрылганынан чындап эле ишенип алыпмын. Дароо министрге чалдым. Чалсам "спектакль уюштуруп атышыптыр" дейт. Көрсө, жоопкерчиликтен качыш үчүн өздөрү уюштуруп коюшуптур. Түркияда кармалып турат. Жакында депортация болуп келет. "Кумтөр" маселесинде колдоду эле деп кантип жоопкерчиликтен четтетип коёбуз? Мага жеткен маалыматтар боюнча, "Кумтөрдөн" жаратылышты жашылдандырууга деп бөлүнгөн акчаларды жеп коюптур. Бир тууган сиңдиси дароо баарын ачык айтып чыкты. Кайсы акчалар каяка кеткен, кимиси канча акча алган жана башка баарын айтып көрсөтмө берди. Эми баласы келсе ал да сурак берет. Тергөө көрсөтөт. Таза болсо акталышат. Жеп койгон болсо төлөшөт. Коомчулукка баары ачык болот", - деди Садыр Жапаров.

Буга чейин УКМК коррупциялык фактылар боюнча Динара Кутманованын мурдагы жакындары жана кесиптештери кармалгандыгын билдирген. Андан кийин мурдагы министр уулу уурдалганын жазып чыккан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: