УКМК кыргыз-тажик чек арасындагы ок атуу боюнча билдирүү таратты
Кечээ, 23-июлда социалдык тармактагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде ок чыгарылды деген видео боюнча УКМКнын чек ара кызматы маалымат берди.
Маалым болгондой, кечээ Тажикстандын аймагында аталган өлкөнүн чек ара аскерлеринин "Плотина" чек ара постунда 2 жолу ок атылган.
Ошол эле күнү Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу өтүп, анда Тажикстандын мөөнөттүү кызмат өтөп жаткан жоокер куралды оксуздандыруу учурунда кокусунан эки жолу ок чыгарып алгандыгы маалым болгон. Окуя учурунда жаракат алгандар болгон эмес.
"Кыргызстандын чек ара заставасынын башчысы жолугушуу бүтөөрү менен кокусунан чыгарылган ок тууралуу видеотасма тарткан Кыргызстандын жараны менен маектешип, ага чыныгы жагдайды түшүндүрүп берген. Бирок буга карабастан ал жаран видеону социалдык медиага чыгарып салган"- деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, кечээ кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде ок чыгырылды деген видео социалдык тармакта тараган болчу.

