Таластагы "Киров" суу сактагычына 22 жаштагы Ысык-Көлдүн тургуну чөгүп кетти
Таластагы "Киров" суу сактагычына бир адам чөгүп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 24-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди.
Ага ылайык, кечээ Айтматов районунун Чолпонбай айыл аймагындагы "Киров" суу сактагычына бир адам сууга чөгүп кеткендигин милициядан бидиришкен.
"Издөө иштерине райондук ӨКБдан 6 куткаруучу, Талас шаардык ӨКБдан 6 куткаруучу жана милиция кызматкерлери тартылган. Сууга чөгүп кеткен 22 жаштагы Д.Т. аттуу жигит Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Кара-Коо айылынын тургуну болгон" - деп айтылат маалыматта.
Кечээтен бери издөө иштери жүрүп жатканы кошумчаланды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:44
2025-06-26
12:02
2025-06-26

11:23
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.