super.kg logo

Садыр Жапаров: "Мындан ары окубай туруп эч ким айдоочулук күбөлүк ала албайт"

 

Мындан ары окубай туруп эч ким айдоочулук күбөлүк ала албайт. Бул тууралуу өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 24-июлда "Кабар" агенттигине курган маегинде айтты.

Президенттин пикиринде, жол кырсыктарынын көп катталуусуна айдоочулар күнөөлүү.

"Албетте, тапшырмалар берилген. МАИлер иштеп жатышат. Түшүндүрүү иштери да жүрүп жатат. Бирок авариялардын көп катталуусунун биринчи себеби айдоочуларда. Акыркы 20-30 жылда көпчүлүгү окубай туруп эле айдоочулук күбөлүк сатып алгандар. Эрежени сакташпайт. Жол белгилерин билишпейт. Азыр рейд өткөрүп четинен сурап көрсөк, дээрлик 90 пайыз айдоочулар жооп бере алышпайт. Бул көйгөйдү чечиш үчүн эки жылдан бери катуу иш жүрүп жатат. Мындан ары окубай туруп эч ким айдоочулук күбөлүк ала албайт. Окуп, жол эрежесине байланыштуу толук жооп бергенден кийин гана айдоочулук күбөлүк берилет. Жооп бере албаса экзамен тапшырып жүрө беришет", - деди мамлекет башчысы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: