super.kg logo

Кеминде калкты тейлөө борборун курууда жемкорлук аныкталды

 

Кемин районунда Калкты тейлөө борборунун имаратын курууда мамлекетке 4 миллион 675 миң сомдук зыял келтирилди. Бул тууралуу бүгүн, 24-июлда Башкы прокуратурадан билдирди.

Маалым болгондой, айрым кызмат адамдары баштапкы сметада аныкталган 27 миллион 988 миң 503 сомдон тышкары кошумча акча каражат керек деген жүйө менен куруучу "М.С." ЖЧКсынын эсебине келишим түзбөстөн 4 миллион 500 миң сомду түз которушкан.

"Ошондой эле имараттын курулушуна 2021-жыл ичинде жасалган айрым жумуштарга текшерүү жүргүзүлгөндө баалары жогорулатылганы, актыда белгиленген курулуш материалдары пайдаланылбагандыгы аныкталган.

Натыйжада мамлекеттик бюджетке 4 миллион 675 миң сомдук ири өлчөмдөгү зыян келтирилген", - деп жазылат маалыматта.

Кемин райондук прокуратурасы тарабынан аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу"), 245-беренеси ("Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануусу") жана 346-беренеси ("Кызматтык жасалмачылык") менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: