super.kg logo

Сириядагы куралдуу кагылышууларга  катышууга аракет кылган жаран кармалды (видео)

 

Жалал-Абад облусунда эл аралык террористтик уюмдардын жактоочусу кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 24-июлда УКМКнын басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя 19-июлда болгон. Анда 1995-жылы туулган М.Д.М. аттуу жаран 2015-жылы Кыргызстандан чыгып, Сирия Араб Республикасына эл аралык террористтик уюмдардын тарабында куралдуу кагылышууларга катышууга аракет кылганы аныкталган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 256-беренесинин негизинде (“Кыргыз Республикасынын жаранынын чет мамлекеттин аймагындагы куралдуу жаңжалдарга же согуш аракеттерине катышуусу же террордук актыны жасоо үчүн даярдыктан өтүүсү”) кылмыш иши козголгон.

Кармалган жарандын жашаган жеринен жана жеке унаасын тинтүү учурунда 1 даана белгисиз автоматтык курал (АК-74 түрүндө), 30 даана 5,45 мм калибрлүү патрондор, ошондой эле 34 даана диний адабияттар (китеп-брошюралар) табылган.

Учурда аталган жарандын тергөө абагына киргизилгени жана алынган буюмдарга тиешелүү экспертизалар дайындалганы кошумчаланды.






Сириядагы куралдуу кагылышууларга  катышууга аракет кылган жаран кармалды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: