super.kg logo
  Саясат  

Өлкөдө энергетика тармагында өзгөчө кырдаал режими киргизилди 

 

Өлкө башчы Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын энергетика тармагындагы өзгөчө кырдаал жөнүндө” жарлыкка кол койду. Бул тууралуу бүгүн, 24-июлда президенттин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалым болгондой, 1-августтан тарта өлкөнүн энергетика тармагына өзгөчө кырдаал режими киргизилет жана ал 2026-жылдын 31-декабрына чейин созулат.

Мындай режим Нарын дарыясынын бассейнине суунун аз киришинен, энергияны керектөөнүн тездик менен ашыкча өсүшүнөн улам жаралган энергетикалык кризистен Кыргызстанды чыгаруу максатында киргизилгени айтылды.

Ага ылайык, энергетика министрине өзгөчө укук берилет. Ал айыл чарба, жаратылыш ресурстары министрлеринин орун басарларынын, Суу көйгөйлөрү институтунун, “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин, “Кыргызгеология” мамлекеттик ишканасынын директорлорунун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларынын энергетика багытындагы ишин координациялайт.










 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: