Садыр Жапаров: "Мындан ары жолдорду мамлекет өзү салат"
Мындан ары жолдорду мамлекет өзү курат. Бул тууралуу өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 24-июлда "Кабар" агенттигине курган маегинде айтты.
Президент унаа жолдорун мамлекет өзү салса үч-төрт эсе арзан болорун белгиледи.
"Мындан ары жолдорду мамлекет өзүбүз курабыз. Буга чейин ар кандай шылтоолорду айтып, техникабыз жок же адистерибиз жетишпейт деген шылтоо менен чет өлкөлүк компанияларга же жеке жактарга үч-төрт эсе кымбат баага берип келишкен. Себеби алар менен бөлүшүп жегенге ылайыктуу болгон. "Сага тендерден утуп берем. Мага баланча пайызын бересиң"'- деп ачык эле соодалашып, жеп келишкен. Бул эч кимге жашыруун эмес. Ошондуктан Транспорт министрлигине техникаларды алып берип, жолдорду өзүбүз сала баштадык. Үч-төрт эсе арзан. Азыр дагы толук техникаларыбыз келе элек. 700гө жакын техника келет. Кудай буюрса келечекте ар бир айылга чейин асфальт басабыз. Күчүбүз да, бюджетибиз да жетет", - деди мамлекет башчысы.

