super.kg logo

Тажикстан менен чек арада эки өлкөнүн жарандарынын ортосунда жаңжал чыкты. Окуянын чоо-жайы

 

Бүгүн, 24-июлда кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде чек арага жакын аймактардын тургундарынын ортосунда жаңжал чыкты. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын эки жараны (Ак-Сай айылынын тургундары) жеке автоунаада Ак-Сай - Көк-Таш жолунда бара жатышкан. Ушул эле убакта ушул жол менен Тажикстандын жарандарына таандык 8 автоунаадан турган колонна Ворух (Тажикстан) анклавынан Ходжаи-Аало айылына бараткан.

Тажикстандын жарандары өзүнүн унаалары менен Кыргызстандын жарандарынын автоунаасынын жолун кесишкен. Мунун кесепетинен Дача жергесинде жогоруда аталган Кыргызстандын жарандары менен Тажикстандын жарандарынын ортосунда мушташ чыккан.

Чыр-чатак күчөп кетпеши үчүн окуя болгон жерге Кыргызстандын ИИМинин аймактык бөлүмүнүн кызматкери келген. Бирок ал кызматкер окуя орун алган жерге келгенинде Тажикстандын жарандары - Ходжаи-Аало айылынын тургундары ага кол салышкан. Кыргызстандын ИИМнин кызматкери ал жерден качып чыкканга жетишкен, Тажикстандын жарандары аны сабаганга аракет кылышып, автоунаасынын арткы айнегин сындырышкан.

"Учурда Кыргызстандын Баткен тилкеси боюнча жана Тажикстандын Исфара тилкеси боюнча чек ара өкүлдөрүнүн сүйлөшүүлөрү жүрүп жатат. Кыргыз Республикасынын бардык күч түзүмдөр жана укук коргоо органдары кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде жагдайды турукташтыруу үчүн тийиштүү чараларды көрүшүүдө", - деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле УКМКнын Чек ара кызматы жарандарды дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: