super.kg logo

Жаныбек Абиров кайра шайлоого катышабы? Өзү жооп берди

 

Кечээ, 24-июлда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Жаныбек Абиров социалдык тармактагы баракчасы аркылуу түз эфирге чыгып, катталуучуларынын суроолоруна жооп берди.

Анда Абиров Ленин районунун жашоочуларынан "Алдыдагы шайлоого катыш" деген сунуш түшүп жатканын айтты.

"Ленин районунун жашоочулары мага кайрылып, "Жаныбек, келе жаткан шайлоого катыш" деп айтып жатышат. Мен биринчиден колдоочуларга ыраазычылык билдирем. Азыркы учурда 21-кылымда элдерден жакшы сөз күтүү кыйын.

Акыркы бир жума мурун мага кайрылган Ленин районунун жашоочулары, азыр команда менен сүйлөшүп, үй-бүлө менен ойлонуп жатабыз. Бул чечим оңой болбойт. Бул жактан дагы көп суроолор пайда болуп жатат", - деди Жаныбек Абиров.

Ал ошондой эле акыркы окуядан кийин мандатын тапшыруу туура чечим болгонун айтты.

Эске салсак, ушул жылдын 12-мартында депутат Жаныбек Абиров мушташка катышканы белгилүү болгон. Мушташтан жабыркаган жаран Улуттук госпиталга жаткырылган. Бул кадамы үчүн Абиров социалдык тармактагы баракчасы аркылуу элден кечирим сураган.

Ал эми 15-мартта Жогорку Кеңеш Жаныбек Абировго карата кылмыш ишин козгоого макулдук алуу үчүн Башкы прокурор киргизген сунушту карап, атайын депутаттык комиссия түзүлгөн.

27-мартта ал жоопкерчиликти сезип жатканын айтып, депутаттык мандатын тапшыра тургандыгын билдирген. Анын арызы БШКда каралып, Абиров мандатынан ажыратылган. 5-апрелде Жогорку Кеңешке келип, акыркы билдирүүсүн жасап, депутаттар менен коштошуп кеткен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
25.07.2023. 19:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Тынч эле болчу кылгылыкты кылып коюп баары сен учун болуп жатат
26.07.2023. 01:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сага оюнчукпу эмне, 18млн. сом кетти бир шайлоого. Ошончо акча асманга учту. Дагы ошончо акча учканы жатат. Сен шайланып дагы бир клубка бара коюп шоктонуп журбо. И так сенин бир клубун 36 млн сомго тушуп отурат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: