super.kg logo

"Илон Маск кайрадан биринчи". Дүйнөдөгү эң бай адамдардын тизмеси жарыяланды

 

"Forbes" журналы дүйнөдөгү эң бай адамдардын рейтингин расмий баракчасында жарыялады.

"Forbes" журналынын Real-Time миллиардерлер рейтинги дүйнөдөгү эң бай адамдардын күнүмдүк байлыгына көз салат. Байлыкты байкоо платформасы Forbes тарабынан миллиардер деп ырасталган ар бир адамдын таза байлыгы жана рейтинги боюнча үзгүлтүксүз жаңыртууларды камсыз кылат"-деп жазылат маалыматта.

Рейтингде биринчиликте Twitter социалдык тармагынын ээси жана Тесланын негиздөөчүсү Илон Маск турат. Журналдын маалыматына караганда, Масктын байлыгы 4 миллиард 200 миллион долларга көбөйүп, 240 миллиард 700 миллион долларды түзгөн.

Ал эми LVMH Group компаниясынын президенти (Louis Vuitton Moet Hennessy) Бернард Арно 234 миллиард 600 миллион доллар байлыгы менен экинчи орунда жайгашкан.

Үчүнчү орунда америкалык Amazon корпорациясынын негиздөөчүсү Жефф Безос, андан кийин Oracle корпорациясынын негиздөөчүлөрүнүн бири, америкалык Ларри Эллисон турат. Алдыңкы бештикке Microsoft компаниясынын ээси Билл Гейтс да кирген.

Алтынчы орунда Berkshire Hathaway холдингинин башчысы Уоррен Баффет турса , сегизинчи орунду америкалык Meta корпорациясынын жетекчиси Марк Цукерберг ээлеген.

Белгилей кетсек, Forbes журналы 1987-жылдан бери дүйнөдөгү эң бай адамдардын тизмесин жыл сайын жарыялап келет. Тизмеге кирешеси каяктан келгени белгисиз адамдар, диктаторлор жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү киргизилбейт. Forbes журналы менен бирге Fortune басылмасы да дүйнөдөгү эң бай адамдардын тизмесин дайыма жарыялап турушат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: