super.kg logo

УКМК Ноокендеги бир нече мамлекеттик кызматкерди кармады

 

Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун кызмат адамдары жер тилкелери боюнча алдамчылык менен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

УКМК тарабынан Ноокен районунун аймагында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жасалма чечимдери менен жер тилкелерин мыйзамсыз берүү боюнча көптөгөн фактылар, ошондой эле айыл чарба багытындагы жерлерге трансформациялоосуз жеке турак жай куруу үчүн шаар куруу жана укук белгилөөчү документтерди мыйзамсыз берүү фактылары аныкталган.

Бул факты боюнча 2023-жылдын 21-июлунда жер ресурстары кызматынын алдындагы “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Ноокен филиалынын директору М.Ж.И., “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Ноокен филиалынын жерге жайгаштыруу боюнча адиси М.Р.А., Ноокен райондук шаар куруу жана архитектура бөлүмүнүн адиси Т.Б.А. жана Ноокен айыл аймагынын мурдагы башчысы Э.Ж.Н. кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

"Азыркы учурда бул мыйзамсыз аракеттерди жасоого башка кызмат адамдарынын катыштыгын аныктоого багытталган комплекстүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө", - деп билдиришти УКМКдан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: