super.kg logo

Унаа сатып алганга жардам берем деп адамдарды алдап жүргөн шектүү кармалды

 

Чүйдө унаа сатып алууга жардам берем деп, жарандардын акчасын алдамчылык жол менен ээлеп алып жүргөн шектүү кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, ушул жылдын февраль айында Чүй облусунун тургуну Аламүдүн РИИБине арыз менен кайрылган. Арызында ал чоң суммадагы акчасын алдап алып кеткен жаранга чара көрүүнү өтүнгөн. Арыз ээсинин айтымында, белгисиз жаран Лексус же Тойота Лэнд Крузер үлгүсүндөгү жол тандабастарды чет өлкөдөн айдап келип берем деген шылтоо менен ишенимге кирип, 17 миң доллар жана 100 миң сомдон ашык акча каражатын алдап алып алган.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголгон.

Милициянын ыкчам-издөө иш-аракетинин натыйжасында кылмышка шектүү катары 1983-жылы туулган тургуну Д.А атуу жаран кармалганы маалымдалды. Ал мурда бир канча жолу соттолгон. Шектүү унааларды алмаштыруу, сатуу жана сатып алуу боюнча ортомчулук кызматтарды сунуштап, жарандардын чоң суммадагы акчаларын алган соң, из жашырып кетип жүргөн.

Кылмышка шектүү буга чейин да бир канча адамды ири өлчөмдөгү акча каражатына алдап кеткени белгилүү болду. Тактап айтсак, 2022-жылдын жаз айларында аты аталган Д.А аттуу жаран унаа сатып алууга жардам берем деп, Чүй облусунун тургунунан 12 миң долларын алып, дайынын билгизбей кеткени аныкталган.

Учурда тергөө иштери аяктап, иш сотко жөнөтүлдү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: