Бишкектеги "Огни Ташкента" кафесинен өрт чыкты




Бишкекте Курманжан Датка көчөсүндө жайгашкан "Огни Ташкента" тамактануучу жайында өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн саат таңкы 04:00 чамасында Бишкектин Свердлов районунун Курманжан Датка көчөсүндө жайгашкан кафеден өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Өрттү өчүрүүгө Свердлов жана Октябрь райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмдөрүнөн жалпы 3 күжүрмөн эсеп тартылган.
Өрт өчүрүүчүлөрдүн аракети менен өрт таңкы саат 04:44 тө чектөөгө алынып, 05:06 да толугу менен өчүрүлгөн. Өрттүн кесепетинен тамактануучу жайдын 200 чарчы метр ашканасы күйгөн.
Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталып жатканы айтылды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:44
2025-06-26
12:02
2025-06-26

11:23
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.