super.kg logo

АКШда 48 жыл мурун секелек кызды өлтүргөн чиркөө кызматкери кармалды

 

АКШнын Жоржия штатында жашаган мурдагы чиркөө кызматкери Дэвид Зандстра 48 жыл мурун жасаган кылмышын мойнуна алды. Бул тууралуу CNN басылмасы жазып чыкты.

Маалыматка караганда, окуя 1975-жылы Дэвид Зандстра Пенсильваниядагы чиркөөдө иштеп жүргөн учурда болгон. Анда Зандстра өзүнүн кесиптешинин 8 жаштагы Гретхен Харрингтон аттуу кызын өлтүрүп алган.

Чиркөө кызматкеринин кылмышка байланышы бар экени жакында гана далилденген. Шектүү 17-июлда кармалып, күнөөсүн толугу менен мойнуна алган.

Зандстранын билдирүүсүнө караганда, ал кызды токойго алып барып өлтүргөн. Андан соң кылмышы билинип калбоосу үчүн полиция кызматына кыздын жоголуп кеткенин айтып кайрылган. Ошондой эле ал издөө иштерине да катышкан жана ушул убакка чейин ал кыздын үй-бүлөсү менен жакын мамиледе болуп келген.

Гретхендин сөөгү 1975-жылы чиркөөгө жакын токойдон табылгандан кийин, шектүү Жоржия штатына көчүп кеткен.

Учурда 83 жаштагы Дэвид Зандстрага "киши өлтүрүү", "биринчи, экинчи жана үчүнчү даражадагы киши өлтүрүү", "баланы уурдоо" сыяктуу айыптар боюнча кылмыш иши козголгону айтылууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: