super.kg logo

Ала-Букада мыйзамсыз алтын казуу фактысы аныкталды

 

Ала-Букада мыйзамсыз алтын казуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 25-июлда Башкы прокуратурадан билдирди.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусунун прокуратурасы тарабынан жаратылышты коргоо мыйзамдарынын ченемдерин аткарылышына карата текшерүү жүргүзүлгөн.

Текшерүүнүн жүрүшүндө Ала-Бука районунун Өрүктү айылынын Н.Н. уулу аттуу тургуну мыйзам талаптарына баш ийбей, Орто-Токой суу сактагычынын жээгинде жердин үстүңкү катмарын бузуп, алтын чайкоо жумуштарын жүргүзгɵндүгү аныкталган.

Өз кезегинде, Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын жооптуу кызматкерлери аталган аймакта Н.Н.уулунун алтын казууга уруксат кагаздары жок экенин билип туруп, 12 миң 384 чарчы метр жердин үстүңкү катмарын бузууга алып келген фактыны жашырышкан.

Натыйжада мамлекетке жалпы 2 миллион 853 миң 273 сомдук зыян келтирилген.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) жана 306-беренеси (“Жерди бузуу”) менен кылмыш иши козголгон.

Бүгүнкү күндө тергөө аракеттери жүргүзүлүп жатканы кошумчаланды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: