Өлкөдө бюджеттик каражатка тендер өткөрүү жокко чыгарылды

Маалыматка ылайык, президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңеш 29-июнда кабыл алган "Мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү" документке кол койду.
Ал мамлекеттик сатып алууларды жүзөгө ашырууну өркүндөтүү жана оптималдаштыруу, ошондой эле мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүдө коррупциялык көрүнүштөрдү жокко чыгаруу максатында иштелип чыккан.
"Мыйзам мамлекеттик сатып алууларды жүзөгө ашырууну өркүндөтүү жана оптималдаштыруу, коррупциялык көрүнүштөрдү жокко чыгаруу максатында иштелип чыккан. Мыйзамда мамлекеттик сатып алуулардын жол-жобосун жөнөкөйлөтүү, ошондой эле "тендер" түшүнүгүн камтыган бир катар мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү каралган. Бул мыйзам менен Кыргызстандын 13 мыйзамына өзгөртүү киргизилет", - деп айтылат маалыматта.
Ошону менен бирге мамлекеттин жана калктын ар кандай товарларга, жумуштарга жана кызмат көрсөтүүлөргө болгон керектөөлөрүн канааттандыруу максатында:
Ошондой эле мамлекеттик сатып алуулар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү мыйзамдарды колдонуунун суроо-талаптары боюнча жазуу жүзүндө түшүндүрмөлөрдү берүү функциясы каралган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:13
2025-06-26

14:58
2025-06-25

14:29
2025-06-25

Рейтинг:
0

