super.kg logo

Бишкектен унаа уурдай качкан жарандар Кеминден кармалды

 

Бишкектен машина уурдап качкан жарандар кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 25-июлда Чүй ОИИББинен билдирди.

Маалыматка ылайык, 25-июлга караган түнү борбор калаанын тургуну Аламүдүн-1 кичи районунан белгисиз адамдар Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унаасын айдап качып кетишкенин айтып, арыз менен кайрылган.

Издөө иштеринин алкагында 25-июль күнү саат 12:30 чамаларында Кемин РИИБи боюнча жол инспекторлору тарабынан кылмышка шектүү деп 2005-жылы туулган К.Р.З., 2004-жылы туулган А. уулу Ж. жана 2006 жылы туулган Т.Р.М. аттуу жарандар кармалып Кемин РИИБинин тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.

Учурда терөө амалдары жүрүп жатканы кошумчаланды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: