super.kg logo

Ош шаарынын мэри жарандардын көйгөйлөрүн жерине барып чечүүдө

 

Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов Озгур айылындагы суу насосунун иштен чыгышынан улам, таза сууга муктаж болгон Солнечный тилкесинин тургундарынан кабар алды. Бул тууралуу бүгүн, 26-июлда Ош шаарынын мэриясынан билдиришти.

Маалым болгондой, мэр маселени жеринде көрүп, "Ош шаар суу канал" ишканасынын адистеринин жардамы менен иштен чыккан насостун абалын тез арада талдап, оңдоону тапшырды.

Ошондой эле Ош шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгына келерки жылга карата аталган аймактын тургундарын таза суу менен камсыздоо долбоорун иштеп чыгуу талабын койду.

"Бакытбек Жетигенов андан ары Жапалак аймактык башкармалыгынын Төлөйкөн айылынын тургундары менен жолугушуп, жергиликтүүлөрдүн Жолон Мамытов көчөсүндөгү тротуарды куруу жана оңдоп-түзөө маселесин угуп, бул боюнча тиешелүү кызматтарга келерки жылдын иш-мерчемине киргизүүнү тапшырды", - деп айтылат маалыматта.

Шаар башчысы жаңы откана жана ФАП курула турган Кулатов кичи районуна да барды. Мында жалпы аянты 760 метр квадратты түзгөн эски гараждар алынган соң, жогоруда белгиленген имараттардын курулушу болжолдонгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: