super.kg logo

Баткенде мыйзамсыз жүк алып чыгып бараткан Тажикстандын жараны кармалды (сүрөт)

 

Лейлекте мыйзамсыз чек араны бузуп кирип, жүк алып чыгып бараткан Тажикстандын жараны кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 26-июлда Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалым болгондой, 23-июлда саат 05:30 чамаларында Тажикстандын Согдий облусунун Худжант шаарынын тургуну 30 жаштагы Н.Ф. өзүнө таандык “Toyota Avensis Verso” үлгүсүндөгү унаасы менен мамлекеттик чек араны бузуп кирген. Анда тажик жараны Баткен облусунун Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл аймагынын Борбордук айылынан аткезчилик менен жалпы салмагы 700 килограмм болгон койдун эттерин алып чыгып бараткан учурда милиция кызматкерлери тарабынан кармалды.

"Кылмыш-жаза кодексинин 231-беренеси (Экономикалык контрабанда) жана 378-берене (Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү) боюнча кылмыш иши козголду. Кылмыш ишинин караштуулугу боюнча УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгына өткөрүлүп берилди", - деп айтылат маалыматта.

Кылмышка шектелип кармалган тажик жараны Н.Ф. убактылуу кармоо жайына киргизилип, автоунаасы айып короосуна токтотулду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: