super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров: "Кыштан көйгөйсүз чыгабыз"

 

Өлкө башчы Садыр Жапаров "Кабар" маалымат агенттигине берген кезектеги маегинде өлкөдөгү энергетикалык кырдаалга токтолду.

Президент быйыл электр энергиясы боюнча сарсанаа болууга негиз жок экенин айтты.

"Ооба, быйыл суу аз. Бул эми бир эле Кыргызстанда эмес, жалпы региондогу көрүнүш болуп атат. Ошентсе да биз Кудай буюрса, кыштан аман-эсен жакшы чыгабыз деп турабыз. Себеби ЖЭБди эске алганыбызда жана ошондой эле башка өлкөлөр менен түзүлгөн келишимдердин негизинде кыштан көйгөйсүз чыгабыз.

Андыктан, элибиздин электр энергиясы боюнча сарсанаа болуусуна эч негиз жок. Энергетика тармагына өзгөчө кырдаал киргизди десе эле “кокуй, энергетика тармагы болбой калыптыр, өзгөчө кырдаал түзүлүп калыптыр, кышында абал кыйындайт экен” деп эле ар кандай чагымчыл кептерге алдырбаш керек. Болгону ушундай Жарлык менен Энергетика министрлигинин ыйгарым укуктарын кеңейтүүдөбүз.

Тилекке каршы, биздин ачык-айрым коомубузда “бийлик эптеп эле бир жеринен жаңылса экен, жыдыса экен” деп, жалаң эле жамандык издеген, өлкөдө ушундай бир каатчылык түзүлсө экен деп күткөн бир ууч топ бар. Бирок, биздин сабаттуу элибиз өкмөттүн ачык-айрым ишин туура, так түшүнүү менен кабыл алып жатат", - деди Садыр Жапаров.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: