Бишкекте дарыгерлер ташка какап калган кичинекей баланы аман алып калышты
Бишкектеги №3 Балдар ооруканасынын дарыгерлери ташка какап калган баланы аман алып калышты. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ, 25-июлда ооруканага тамагына таш тыгылып калган кичинекей баланы алып келишкен. Ага нөөмөттөгү дарыгерлер жардам көрсөтүшүп, ташты алып чыгышкан.
"Урматтуу ата-энелер! Кичинекейлерге, өзгөчө 1-4 жаш арасындагы балдарга жакшылап көңүл бурууңуздарды суранабыз. Дем алуу жолдоруна бөтөн нерселердин кирип кетиши абдан кооптуу. Дарылоо процесси оор. Ал эми балдар кичинекей", - деп жазылды оорукананын расмий баракчасына.
Ташка какаган баланы аман алып калышты
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:21
2025-11-19
20:44
2025-11-19
20:17
2025-11-19
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















