super.kg logo

TikTok тексттик билдирүүлөрдү бөлүшүү функциясын киргизди 

 

TikTok колдонуучулары эми видео жана cүрөттөрдөн сырткары тексттик билдирүүлөрдү дагы жайгаштыра алат. Бул тууралуу The Verge басылмасы жазып чыкты.

Маалыматка караганда, эми TikTok социалдык тармагында тексттик публикацияларды бөлүшүүгө болот. Ошондой эле колдонуучулар билдирүүлөргө үн кошуп, жайгашкан жерин белгилей алат жана пикир калтыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ.

Ал эми аталган социалдык тармактын өкүлдөрү тексттик билдирүүлөрдө фон түстөрү, стикерлер жана хэштегдер бар экенин жана башка контенттин түрлөрү сыяктуу интерактивдүү болорун айтышууда.

Тексттик билдирүүлөр визуалдык жактан Instagram'дын Stories бөлүмүнө окшош. Колдонуучулар фон түсүн кошуп, тексттин көрүнүшүн оңдоп, билдирүүлөргө музыка жана стикерлерди кошо алышат.

Эске салсак, TikTok социалдык тармагы 2018-жылы кытайлык "ByteDance" компаниясы тарабынан иштелип чыккан. Аны 150 өлкөдө 1 миллиарддан ашык адам колдонот. Аталган социалдык тармак кыска видеолорду бөлүшүүгө арналган алдыңкы видеоплатформа болуп саналат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: