super.kg logo

Караколдогу пляждан эркек кишинин жансыз денеси табылды. Сөөк 3 айдай жатып калган

 

Каракол шаарындагы көлдүн пляжынан эркек кишинин жансыз денеси табылды. Мындай маалыматты SUPER.KG порталына Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, 18-июль күнү Каракол ШИИБдин нөөмөт бөлүмүнө шаардык пляждан 50-60 метр алыстыкта ​​чычырканактардын арасынан белгисиз адамдын жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Бул факты шаардык милициянын электрондук маалымат реестрине катталып, окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу жөнөтүлгөн.

Сөөктү сырттан кароодо зордук-зомбулуктун белгиси байкалган эмес, ошондой эле өлүк 2-3 айга жакын жатканы аныкталган.

Өлүмдүн себебин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалып, сөөк Бишкекке жеткирилген.

Учурда табылган жансыз дененин аты-жөнүн тактоо иштери жүрүп жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: