super.kg logo

Европада Курандын өрттөлүшү: Токаев бул боюнча билдирүү жасады

 

Казакстандын президент Касым-Жомарт Токаев Түндүк Европанын бир катар мамлекеттеринде Курандын өрттөлүшүн азыркы дүйнөдөгү чыңалууну күчөтүүгө, элдердин жана мамлекеттердин ортосундагы ишенимге доо кетирүүгө багытталган жол берилгис чагымчылдык деп эсептейт. Мындай маалымат коңшу өлкөнүн президентинин расмий сайтына жарыяланды.

"Мамлекет башчынын айтымында, диний вандализмдин жана тиешелүү мамлекеттердин жарандарынын жоопкерчиликсиз жүрүм-турумунун көбөйүшү мамлекеттер менен диндердин цивилизациялуу жашоосунун жалпы таанылган нормаларына каршы келген аракеттер катары айыптоо керек.

БУУнун Башкы ассамблеясы да бул маселе боюнча салмактуу сөзүн айтышы керек", - деп айтылат Токаевдин билдирүүсүндө.

Белгилей кетсек, 24-июлда исламга каршы экстремисттик "Даниялык патриоттор" тобу Ирактын Копенгагендеги элчилигинин алдында Куран өрттөлгөн митинг өткөрүшкөн.

Бул Данияда Курандын экинчи ирет өрттөлүшү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: