super.kg logo

Министрлик: "Өлкө боюнча 1551 даана комбайн иштеп жатат"

 

Кыргызстан боюнча 1 944 комбайндын ичинен 1 551и жумушка даярдалды. Бул тууралуу бүгүн, 26-июлда Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Маалым болгондой, Чүй, Ош облустарынын чарбаларында комбайндардын ишке даярдыгы 94-90 пайыз, ал эми Жалал-Абад облусунда - 88 пайыз, Баткен жана Талас облустарында - 75 пайыз, Нарын жана Ысык-Көл облустарында -57-61 пайызды түзөт.

Учурда республика боюнча кылкандуу дан эгиндерин 765 комбайн жыйнап жатат. Өткөн жылы бул көрсөткүч 644 комбайнды түзгөн. Башка аймактардан 68 комбайн тартылды.

Мындан тышкары өлкөдө дан сактоочу жайларды даярдоо иштери да жүрүп жатат.

"Кыргызстан боюнча карамагына ар кандай үлгүдөгү 2 миңден ашуун айыл чарба техникалары кирген 141 МТС уюштурулган, алардын 53 муниципалдык жана 88 жеке адамдарга таандык. Республикалык нефтетрейдерлердин маалыматы боюнча бардык нефтебазаларда жана май куюучу станцияларда дыйкан-фермерлерди өз убагында күйүүчү-майлоочу материалдар менен камсыздоо үчүн керектүү запастар топтолгон", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, дизель отунун үзгүлтүксүз жеткирүүнү камсыз кылуу максатында Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду менен “Red Petroleum” компаниясынын ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде дыйкан-фермерлерге 3,0 миллион литр дизель отуну жеңилдетилген баада, 65 сомдон сатылууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: