ЖОЖдорго кабыл алуунун 2-турунда 11 миң 598 абитуриент арыз берди
Бүгүн, 26-июлда жогорку окуу жайларына абитуриенттерди тандоонун 2-туру үчүн арыздарды кабыл алуу аяктады. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдирди.
Маалыматка ылайык, 2-турда жалпы 11 миң 598 арыз катталды. Анын ичинен 3 миң 886 абитуриент бюджеттик негизде окууга, 7 миң 598 абитуриент контракттык негизде окууга арыз берген.
Эске салсак, ЖОЖдорго кабыл алуунун 1-турунда 26 миң 546 арыз катталып, анын ичинен 12 миң 902 абитурент кабыл алынган.
Биринчи турдун жыйынтыгы боюнча ЖОЖдорго эң көп кабыл алынгандар:
- Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети – 2 115
- Ош мамлекеттик университети – 1 864
- Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети – 1 563
- Борис Ельцин атындагы Кыргыз-Орус Славян университети – 938
- Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети – 891
- Кусейин Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университети – 811
- Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы – 635

