Нурланбек Шакиев Аксы районуна иш сапары менен барды







Бүгүн, 26-июлда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Жалал-Абад облусунун Аксы районуна иш сапары менен барды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, төрага алгач Ак-Жол айылында курулган спорт залдын ачылышына катышты. Анда Шакиев акыркы жылдары курулуш тармагына өзгөчө көңүл бурулуп, социалдык мекемелер арбын салынып жатканын белгиледи.
Ошондой эле калктын аярлуу катмарына, пенсионерлерге өзгөчө көңүл бурулуп, бюджеттик мекемелерде иштеген адистердин да айлык маянасы көбөйтүлүп жатканын айткан төрага мындан ары да керектүү колдоолор улантыларын кошумчалады.
"Аталган спорт залдын курулушу 2019-жылы башталып, пайдубалы куюлуп, токтоп калган. Кийин 2022-жылы республикалык бюджеттен акча каражаты бөлүнүп, курулуш улантылган", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, төраганы депутат Улан Примов, билим берүү жана илим министринин орун басары Аида Рысбаева, архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Мырзабек Жыпаркулов, президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев баштаган жетекчилер коштоп жүрөт.

