super.kg logo

Чүйдө баңги каражаттарын өндүргөн лабораторияга бөгөт коюлду (видео)

 

Чүйдө өлкө аймагына ири өлчөмдөгү психотроптук заттарды алып келүү, даярдоо жана сатуу каналдарына бөгөт коюлду. Бул тууралуу бүгүн, 27-июлда Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалым болгондой, ушул жылдын июнь айында Кыргызстандын милиция жана УКМКкызматкерлери Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин кызматкерлери менен биргеликте Чүй облусунда ыкчам-иликтөө жана атайын тергөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда эл аралык баңги тобунун мүчөлөрүн кармашкан. Кармалган жарандар 2003-жылы туулган Д.Н. жана С.Т. болушат. Алардын Киа Оптима унаасынын багажында кара түстөгү желим баштыктан болжол менен салмагы 11 килограмм 750 грамм болгон 47 таңгактагы “мефедрон” табылган. Алар аны белгисиз адамдарга сатууну көздөшкөн.

Ошондой эле жогоруда жарандар жашаган үйдөн “мефедрон” психотроптук затын даярдоочу баңгилаборатория табылган. Тинтүү учурунда болжолдуу салмагы 100 граммды түзгөн “мефедрон” психотроптук заты, жеке коргонуу каражаттары, таразага тартуу жана таңгактоо каражаттары, ошондой эле химиялык реактор, психотроптук заттарды өндүрүү, колдонуу үчүн 2 тоннадан ашык прекурсорлор жана башка буюмдар табылган.

"Мындан тышкары ыкчам тергөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда Бишкекте кичирайондорунун биринде аталган баңги лабораториянын жетекчиси 1995-жылы туулган А.И. кармалган. Ал өндүрүш процессин башкарып, мобилдик мессенджер аркылуу чет элдик кураторлор менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, каржы эсебин чыгарып турган. Жогорудагы жаран бир жуманын ичинде баңгилаборатория 40 килограмм чейин психотроптук каражатты өндүрүп турганын да айткан", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле, иликтөө иштеринин жүрүшүндө жогоруда аталган жарандар көк түстөгү “Экстази” психотроптук каражатын 10 жерге каткандыгы табылды.

Белгилей кетсек, баңгилабораторияны каржылоо криптовалюталар аркылуу ишке ашып келген. Криптовалюталарды Бишкекте алмаштырып, накта акча каражаттарын банктык карталарына салышкан. Ыкчам операциянын жүрүшүндө 30 килограммдан ашык психотроптук каражат жана 2 тоннадан ашык прекурсор табылды.

Маалыматта кылмыштуу ниетин ишке ашырууда жана психотроптук затты сатууда кармалгандардын жана башка белгисиз адамдардын мыйзамсыз кирешеси 165 миллион сомду (1 миллион 875 миң долларын) түзүшү мүмкүндүгү айтылды.

Бул ыкчам операциянын натыйжасында өлкө боюнча 180 миң 200дөн ашык бир жолку дозадагы “мефедрон” жана “экстази” жана башка психотроптук заттардын таратылуусуна бөгөт коюлду.

Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча кошумча атайын иликтөө иш-чаралары жана ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.






Баңги өндүрүүчү лабораторияга бөгөт коюлду

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: