Нидерландыдагы деңизде 3000 электромобиль жүктөлгөн кеме өрттөнүп кетти
Нидерландыга жакын Түндүк деңизде бортунда 3 миң электромобиль жүктөлгөн кеме өрттөнүп кетти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, өрттүн келип чыгышына электр унааларынын биринин күйүшү себеп болгон. Өрттүн кесепетинен бир экипаж мүчөсү каза болуп, 22 адам жабыркаган.
Учурда кемедеги өрттү өчүрүү иштери кызуу жүрдүүдө. Өрт өчүрүүчүлөр кеменин капталына кылдаттык менен суу чачып жатышат.
Экипаж мүчөлөрү өрттү өз алдынча өчүрө албай калгандан кийин алардын айрымдары 30 метр бийиктиктен сууга секирүүгө аргасыз болгон.
Панаманын желеги илинген Freemantle Highway жүк ташуучу кемеси шейшемби күнү түштөн кийин Германиянын түндүгүндөгү Бремерхавен портунан чыккан. Кеме Египеттеги Порт-Саидге бара жаткан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:35
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.