super.kg logo

Кытай дарыгерлери 600 кыргызстандыктын көзүнө бекер операция жасайт

 

Саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь менен саламаттыкты сактоо тармагындагы кызматташууну талкуулады. Бул тууралуу бүгүн, 27-июлда министрликтен билдиришти.

Маалымдалгандай, Ду Дэвэнь Кытайдын Саламаттыкты сактоо боюнча мамлекеттик комитетине караштуу Эл аралык кызматташтык борборунун ушул жылдын сентябрь айында “Экспресс ден соолук” долбоорун ишке ашыруу боюнча пландары тууралуу маалымат берди.

Ошондой эле ал бул долбоордун алкагында 600 кыргызстандыкка (Бишкекте 300, Ошто 300) катаракта илдетине бекер операция жасоо пландалууда. Операциялар Улуттук госпиталдын жана Ош облустар аралык бириккен ооруканасынын базасында жүргүзүлөт.

"Долбоорду ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн Кытай тарап аталган медициналык мекемелердин базасында операцияларды жүргүзө турган медициналык адистердин эки тобун жөнөтөт. Мындан тышкары, офтальмология бөлүмү үчүн кароо кабинетин түзүүнү камсыз кылуу максатында Ош облустар аралык бириккен ооруканасы керектүү медициналык жабдууларды бекер алат", - деп айтылат маалыматта.

Анда Баатырова Кытай өкмөтүнө Кыргызстандын саламаттыкты сактоо тармагына кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди. Ал ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы достук мамилелердин мындан аркы өнүгүшүнө жана саламаттыкты сактоо тармагында өз ара колдоо жана түшүнүүчүлүктүн бекемделишине ишенимин баса белгиледи.

Жолугушууда тараптар Кыргызстан менен Кытайдын саламаттыкты сактоо тармагындагы кызматташуусу көптөгөн жарандарыбызга пайда алып келээрин белгилешип, "Экспресс ден соолук" долбоорунун жана башка келечектеги демилгелердин ийгиликтүү ишке ашырылышына ишенимин билдиришти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: