Армрестлинг боюнча Бишкектин биринчилиги өтөт
15-декабрда Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде армрестлинг боюнча Бишкек шаарынын биринчилиги өтөт. Бул тууралуу аталган спорт түрү боюнча федерациядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кол күрөш уландар арасындагы 5 салмак категориясында (65 килограмм салмакта, 75 кг, 85 кг, 95 кг, 95 килограммдан жогорку салмакта), кыз-келиндер арасында 2 салмак категориясында (60 килограмм салмакта жана андан жогорку салмакта) өтөт. Ал эми спорт чеберлери 80 килограммда жана андан жогорку салмак категориясында күч сынашышат.
Мелдеш 15-декабрда саат 11:30дө өтөт. Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
			
		 Рубрикадагы соңку кабарлар 
				 22:20
				 2025-10-31  
				 
				 
				 
				 
				 
				
				
				
				
			Рейтинг: 
 0 
		
		
     		
 0 
		Комментарийлер(0)
 
		Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
				
	
	
	
Супер-Инфо
 super.kg видео
 
			 
			
			
 
 
 
 














